Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдешке катышкан Ариет Бекишов Кыргыз капчыгына алгачкы медалын алып келди.
Ариет Бекишов мелдештин 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттешинде таиланддык спортчуну жеңип, кийинки беттешинде ооганстандык мушкерге жеңилип калган. Жыйынтыгында Бекишов Азия оюндарынын коло медалына ээ болду.
Бул жыйынтык менен спортчу Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына Азия оюндарында алгачкы медалды алып келди. Учурда Кыргыз өлкөсү 1 медаль менен жалпы медалдык эсепте 12-орунда жайгашууда. Жалпы эсепте аталган мелдешке Азиянын жана Океаниянын 62 өлкөсүнөн спортчулар катышып, медалдар үчүн ат салышууда.