Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш боюнча мелдеште Кыргыз балбандар финалга өтүштү.
Руслан Тавалдиев 80 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Кыргыз балбан жарым чейрек финалда япониялык балбанды жеңип, чейрек финалда индиялык Венузо Вахуону 9:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда ирандык балбанды жеңип финалга жолдомо алган. Эми финалда Руслан Тавалдиев түркмөнстандык Силапберди Нуриев менен күрөшөт.
Алтынай Мамарасул кызы 70 килограммдан жогору салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште монголиялык балбандын үстүнөн жеңишке жеткен. Жарым финалда Алтынай ирандык Саедех Рахимиге туш келип 6:0 эсебинде жеңип алган. Бул жеңиш менен Кыргыз балбан финалга өттү, эми Мамрасул кызы монголиялык Мунхцецег Отгон менен беттешип алтын медаль жеңгенге аракет көрөт.
Учурда Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 13 медаль бар, анын ичинен 1 алтын, 3 күмүш жана 9 коло медалдар. Алтын медалды жиу-житсу боюнча мелдеште Абдурахманхажи Муртазалиев багындырган. Күмүш медалдарды Эсенбек Кудайбердиев, Назира Марсбек кызы жана Мээрим Жуманазарова тагынган. Ал эми коло медалдарды Ариет Бекишов, Кененбек Шамидин уулу, Назира Арзыбекова, Уулкан Алибай кызы (2 коло), Кадыр Келсинбеков, Ильяс Нишанов, Назира Арзыбекова жана Анара Рыскулова жеңген.