
Совет мамлекети ураардын акыркы жылдары союздук республикаларда улуттук сезим күч алып, тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл бурула баштаган.
Анын катарында кыргыздын улуттук интеллигенциясы тил маселесин көтөрүп, борбор шаардагы мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили таптакыр колдонуудан калгандыгын жар салышкан.
Улуттук интеллигенциянын сүрөөнү менен көтөрүлгөн маселе коомчулуктун көйгөйүнө айланып, акыры Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган. 2014-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган.
Өлкөдө орус тили расмий тил болуп саналат. Макамы боюнча расмий тил мамлекеттик тил болгон кыргыз тилинен төмөн турат. Анткени менен байкоочулар кыргыз тилинин өнүгүшү менен катар ага карата кайдыгер мамиле да күч алып жатканын айтып келишет.