НТВ телеканалынын "Ты супер! Танцы" сынагынын катышуучусу Айдана Шатемирова долбоордун 2-туруна өттү. Анда 15 жаштагы Айдана орус ырчысы Ёлканын "Впусти музыку" ырына бийлеп, калыстар тобунун колдоосуна арзыган. Белгилүү болгондой, Айдананын ата-энеси эки бөлөк жашашат. Учурда ал көркөм мектеп-интернатында тарбияланууда.
Орусиядагы НТВ телеканалы "Ты супер!" аттуу эл аралык балдардын сынагын өткөрүп келет. Ага балдар үйүнүн, мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жана багып алынган үй-бүлөдөгү 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар катыша алышат. Орусиялык басылмалардын билдиргенине караганда, долбоордун тандоо турунда 13 мамлекет - Латвия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Абхазия, Беларусь, Азербайжан, Орусия, Армения, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнөн барган бийчилер катышып, сынакта жалпысынан КМШ өлкөлөрүнөн келген 145 бийчи өнөрлөрүн тартуулай турганы маалым.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган долбоордун вокал боюнча сынагында Кыргыздан 12 жаштагы Урмат Мырсаканов катышып, 2-турга өткөнү менен 3-турга өтө албай калган.