НТВ телеканалынын "Ты супер!" сынагынын катышуучусу Урмат Мырсаканов долбоордун кийинки баскычына өтө алган жок. Бул тууралуу аталган долбоордун расмий баракчасында маалымдалат.
Экинчи баскычта ал Макс Барских аттуу ырчынын "Туманы" чыгармасын аткарган. "Мен аракет кылдым. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, дагы өзүмдү сынап көрөм деп үмүт кылам. Калыстар "кайра келип катыш" деген кеӊештерин айтышты", - деген мекендешибиз шоу тууралуу пикирин билдирип жатып.
Өткөн жумада Урмат Мырсаканов сынактын экинчи турунда ырдоо манерасы менен калыстарды таӊ калтырганын, кезинде белгилүү футболчу Валерий Карпин ага колдоо көрсөтүү үчүн долбоордун студиясына келип, топ белек кылганын жазган элек.