Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Кыргыз өлкөсү конокто Мьянма менен кез келет. Бул беттеште башкы машыктыруучу Александр Крестинин 23 футболчуну улуттук курамга чакырды. Футболчулар 1-октябрдан тарта машыгуулардан өтүшөт. Оюн Янгон шаарында 10-октябрда өтөт. Бул беттеш 5-сентябрда болбой калган оюнга жооптук оюн болмокчу.
Эске салсак, Кыргыз-Мьянма беттеши 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөк. Оюндун токтотулганы тууралуу 4-сентябрда маалымат жыйында белгилүү болгон. Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген пикир менен кабыл алган. Беттештин токтотулганынын себеби оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүрүлгөн.
Улуттук команданын курамы:
Дарбазачылар:
Павел Матяш (клубу жок),
Валерий Кашуба ("Дордой"),
Макси Зинченко ("Дордой").
Коргоочулар:
Азамат Байматов ("Сохар" Оман);
Тамирлан Козубаев ("Дордой");
Авазбек Откеев ("Дордой");
Ильяз Алимов ("Алай");
Валерий Кичин ("Енисей", Орусия);
Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия);
Владимир Казакбаев ("Абдыш-Ата")
Аскарбек Салиев ("Алга")
Жарым коргоочулар:
Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата");
Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан);
Эдгар Бернхардт ("Сталь Мелец", Польша);
Павел Сидоренко ("Дордой");
Азиз Сыдыков ("Дордой");
Ислам Шамшиев ("Дордой");
Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой");
Бекжан Сагынбаев ("Дордой");
Муролимжон Ахмедов ("Алай");
Антон Землянухин (клубу жок).
Чабуулчулар:
Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия);
Мирлан Мурзаев ("Серик Беледиеспор", Түркия).