2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүчү Кыргыз-Мьянма беттеши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда футбол боюнча Кыргыз өлкөсү-Мьянма беттешинин алкагындагы маалымат жыйында белгилүү болду.
Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков кабыл алган. Беттештин токтотулганынын себебин оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүрүштү. Ал эми оюнду көрүү үчүн билет сатып алган жарандар футбол федерациясына келип акчаларын алып кетүүгө болот.
Эске сала кетсек, учурда интернет булактарындагы Мьянмада орун алып жаткан кырдаал коомчулукта резонанс жаратууда. Маалыматтарда Мьянмадагы мусулмандар буддисттер тарабынан массалык түрдө кырылып жатат деген пикирлер таратылууда. Дүйнө коомчулугу учурда аталган маалыматты кызуу талкуулап, БУУ башчылыгынан кырдаалга кийлигишүүнү талап кылышууда. Бул боюнча жеке пикирин билдирген башчылардан азырынча чечен президенти Рамзан Кадыров жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган болушту.