"Массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү, оппозиционерлердин жарышка катышпай калышы шайлоонун мыйзамдуулугуна шек жаратат", - деди бүгүн, 26-сентябрда маалымат жыйынында жарандык активист Адил Турдукулов.
"Бул жерде биз укуктук жактан баа берип жатабыз. Бирок мыйзамдуулук укуктук жактан гана болбойт. Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун шайлоого катышуудан четтеп калышы, ошол эле учурда атуулдук коомдун лидери болгон Рита Карасартованын, Камила Шаршекееванын катышпагандыгы, "Сентябрь" телеканалынын жабылышы, бир нече сайттардын шайлоону чагылдыруудан четтеп калышы, мунун баары шайлоонун мыйзамдуулугуна шек келтирет деген ойдомун. Үгүт кампаниясы башталгандан бери Башкы прокуратура бир да мыйзам бузулган учурларды өзү демилгелеп иликтөө иштерин жүргүзгөн жок. Маалымат каражаттарында бир канча мыйзам бузуулар туурасында маалыматтар тарап жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш чукул арада жыйынга башкы прокурор Индира Жолдубаеваны чакырып, ушул суроолорду коюш керек деген талабыбыз бар", - деди активист.
Бүгүн, 26-сентябрда "Таза шайлоо" кыймылынын мүчөлөрүнүн, маалымат каражаттарынын катышуусунда шайлоо учурундагы коопсуздук маселеси талкууланды.