Жээнбековго жана Бабановго үгүттөгөн диний ишмерлер жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте шайлоонун өтүшүндөгү коопсуздук маселеси боюнча талкуу болду. Анын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Кайрат Осмоналиев үгүт иштерине аралашып кеткен дин ишмерлерине жана мурдагы муфтийлерге чара көрүлүшү керек экенин айтты.

"Мурдагы муфтийлердин үгүт иштерине катышкандыгы боюнча жеке оюмду айтайын. Ушул оюмду мен БШКнын отурумунда сунуш катары да алып чыгам. Чубак Жалилов жана Садыкжан Камаловдун административдик жоопкерчиликтерин караш керек жана башка талапкерлерге да үлгү болушу керек. Мындай көрүнүш коркунучтуу прецедент болуп жатат. Ошондуктан эки талапкерге тең эскертүү беришибиз керек. Бүгүн-эртең маселе каралат", - деди Кайрат Осмоналиев.

Ал эми "Таза шайлоо үчүн" кыймылынын өкүлү Эмилбек Каптагаев шайлоо иштерине дин өкүлдөрүнүн кийлигишине бөгөт коюу маселесин бардык дин ишмерлерге чейин жеткирүү шарт экенин айтты.

"Экөө гана эмес, бүгүнкү күндө Башкы прокуратура тарабынан муфтийдин өзүнө ар бир мечиттин имамдарына эскертүү берилиши керек. Силер дин өкүлдөрү катары шайлоого карата үгүт иштерине кийлигишпешиңер керек деген кат жүзүндө эскертүүлөр жиберилиши керек", - деди Эмилбек Каптагаев.

Айта кетсек, экс-муфтий Чубак Жалилов Жалал-Абадда талапкер Сооронбай Жээнбековдун эл менен жолугушуусуна катышып, чогулгандарды аталган талапкерди колдоого үндөгөн. Ал эми диний ишмер Садыкжан Камалов Ош облусунда талапкер Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусунда аны колдоп сүйлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
barsbegKG
2017-09-26 13:12:26
Бабановго дағы эскертүү берилиши керек Назарбаев менен жолуққаны үчүн.
+5
Ayida
2017-09-26 13:36:38
Аралашат кандайча аралашпайт экен.Кыргыз болгон сон кимге угутогонду оздору билет!Силер дин адамдарга каршылар элге душмансынар аны эл билбей жатат! Уялбайсынарбы?Асылып журуп чарчаган жоксунарбы?Ким ушул дин адамдарына асылса эки дуйнодо тен кор болуп отот!Коруп журобуз Иранда Египетте асылгандар дин адамдарына колу буту иштебей журуп олгондорду.Абайлагыла эгер ыйманы бар адамды шайлабасак элибизге турлуу дин агымдары терроситер бапсистер жайылат.Ансыз деле ошолор дин адамдарына каршылар
-5
Ayida
2017-09-26 13:39:51
Чубак ажыга асылгандар ошолордун доллар акчаларын алып алгандар ушундай шайлоодо тоскоол кылганга даярдангандар эгер билсенер!Алар буларга алдын ала акча берип койгон Тенирчилерге.Себеби ыймандуу адам келсе элдин баарын намаз окутат биздин созубузду укпайт мазарга эч ким барбай койот дешип. Элди адаштырган Тенирчилердин иши бул ишенбесенер койгула
-1
imashbektur.95
2017-09-26 14:06:28
Ayida,Эн туура!
-1
Ayida
2017-09-26 13:40:26
Ушул дин адамын сотко берген адамды изилдесенер тенирчи болуп чыгат
-1
imashbektur.95
2017-09-26 14:06:44
Ayida,Туура
0
Kumarchik
2017-09-26 15:17:12
Бул аалымдарда эмне куноо силердин призедент болушунар учун карапайым калк жабыр тартыш керекпи ойлонбойсунарбы
0
Ayida
2017-09-26 17:00:05
Мага минус баскандардын баары тенирчилер козу ачыка ишенгендер элди ойлобогондор!Кунумдук жашоосун ойлоп акыреттен умуту жоктор! Олсок тирилебиз дегенге ишенбегендер.Ыймандуу Аллахтан корккон адам келсе жакшыго неси жаман? Ошону каалабаган озунор жаман.Бакиевдин адамдары минус басат тенирчилер биригип белгидууда.Себеби Сооронбай болсо азыркы бийлик кетпейт деп коркуп атасынар элди ойлобой дагы деле Бакиевчилер озунорду ойлоп атасынар.
-1
Ayida
2017-09-26 17:01:49
Бабановду кордунор ХХХХ экен тага журту. Темир Сариев динге каршы.Дагы бироо тенирчи Кудай дебейт.Эн жакшыраагы Сооронбай болуп атпайбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан