Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.
Москвалык эксперт Александр Евграфов:
"ЕАЭБдин алкагындагы маалыматтык согуш тууралуу айткым келет. Фейк сайттарда жалган маалыматтардын жарыяланышына жол берилүүдө. 2018-жылы Орусия футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрөт. Конфедерациялар кубогундагыдай эле айрым миграциялык талаптар катаалдайт. Бирок фейк сайттар тарабынан эмитен туура эмес маалыматтар таратылып жатат. Дүйнө чемпиондугуна байланыштуу Орусия Кыргыз жарандарына визалык режим киргизет. Орусия айрым өлкөлөрдүн жарандарына тоскоолдуксуз жарандык берет. Казакстан транзитти токтотот, тийиштүү токтом кабыл алынды деп маалымат таратып жатышат. Буга жол бербөөнүн жолдорун издөө керек", - деп билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.