Microsoft`тун негиздөөчүсү Билл Гейтс ыңгайсыздык жараткан Ctrl+Alt+Delete баскычтары үчүн кечирим сурады

Билл Гейтс20-сентябрда өткөн "Bloomberg Global Business Forum" аталышындагы бизнес форумдун алкагында "Carlyle Group" фондунун негиздөөчүсү жана башкы директору Дэвид Рубенштейн Дэвид РубенштейнMicrosoft`тун негиздөөчүсү Билл Гейтске Windows программасындагы ыңгайсыздык боюнча суроо салган. Анда ал эмнеге кирүү жана блокко салуу үчүн 3 баскычтан турган Ctrl+Alt+Delete клавиатураларын колдонорун сураган. Билл Гейтс андан кечирим сурап жана Ctrl+Alt+Delete комбинациясы 4 жыл мурунку ката экенин баса белгилеп, тийиштүү адамдар бул баскычтарды 1 эле баскычка алмаштырышы керектигин айткан. Бирок Рубенштейнди мындай жооп канааттандырбай, кенен түшүндүрүүсүн талап кылганда, Гейтс төмөнкүдөй жооп берген.

"Башында бул функцияны 1 эле баскычка жайгаштыралы дегенбиз. Бирок компаниянын тандоосу жоктугуна байланыштуу аталган 3 баскыч ишке кирген. Биз эч качан артка кайрылып, жашообуздагы кичинекей каталарды башка нерселерге зыяны тийбегендей кылып оңдоого кудуретибиз жетпейт. Эгер менде мүмкүнчүлүк болсо, албетте, 1 эле баскычты пайдаланмакмын", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tansuluu09
2017-09-26 18:23:43
Кечирдик )
+7
scorp
2017-09-26 23:16:02
Tansuluu09,кандайсын Такеш, сен кечирсен мен дагы кечирдим анда!
+3
kechirmeni
2017-09-27 08:20:54
Туура эле чечим кылышкан 3 клавишаны басып, эгер бир клавишага жайгаштырганда иштегенде улам басылып кете берип ынгайсыздык жаратмак
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан