Эки баласы менен батирде жашаган жалгыз бой эне жардамга муктаж. Анын жүрөгүнө тез арада операция жасоо зарыл

Бишкекте эки баланын энесине тез арада операция жасоо зарыл болууда. Кундуз Айтбаева жүрөк оорусунан жабыркап жүргөнүн, ал үчүн каражат таппай жатканын бүгүн, 27-сентябрда SUPER.KG'ге айтып берди.

"Мен өзүм 2-3 жылдан бери жүрөк оорусунан жабыркап жүрөм. Дарыгерлерге барсам тез арада операция жасоо зарылдыгын айтышты. Ал үчүн 3 миң доллар акча керек экен. Андай каражат таппай жатам. Балдарым жаш. Улуусу 1,5 жашка чыкса, экинчи балам 2 айлык болду. Балдарымдын атасы менен ажырашып кеткенбиз. Кайын журтум менен мамилем жок. Алар да бизге жардам бербейт. Бир убакта Орусияда 3 жыл иштеп келгенбиз. Бирок ишибиз жүрүшпөй эч нерсе сатып ала алган жокпуз", - деп билдирди Айтбаева.

Кундуз Айтбаева 30 жашта. Ал Токтогул районунун Толук айылынын тургуну. Учурда Бишкек шаарындагы "Аламүдүн" базарына жакын жерде батирлердин биринде жашайт. Каралашар кишиси жок болгондугуна байланыштуу жездеси менен эжесинин үйүндө баш калкалоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arlenchik
2017-09-27 19:09:22
Тезирээк сакайып кетсе экен, эки баласынын мандайына аман болсун ылайым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан