Жалал-Абадда "41 жаштагы аялды 7 күн зордуктап, чачын кырып салышкан" деп айыпталгандар соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-сентябрь күнү Майлуу-Суу шаардык соту айыпталгандардын ишин карап, алардын бири З.Кны 13 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми К.А.Ж. менен Т.К.М. 8 жылга соттолушкан. Сот өкүмүнө ылайык алар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөйт.
Айта кетсек, ушул жылдын 18-май күнү 41 жаштагы аял Майлуу-Суу шаарынан Жалал-Абад шаарына баруу үчүн жол тосуп чыккан. Ичинде 3 адам бар унаа ага токтоп, Кочкор-Ата шаарына чейин алып кетүүнү убадалашкан. Бирок көздөгөн жерге алып барбастан кайра Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып, анда камап, сабап, үчөөлөп зордукташкан. Андан соң чачын кырып салышкан. 25-майда жабырлануучу качып чыгып, арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган.
Ур-тепкиден жабырлануучу денесинен жаракат алып Майлуу-Суу шаардык бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Шектүү катары 43 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 22 жаштагы Көк-Таш айылынын тургуну жана 36 жаштагы Бүргөндү айылынын тургуну кармалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3 пункту (алдын ала сүйлөшүп алып, топ менен зордуктоо) жана 125-беренеси (кулчулукта кармоо, бирөөнүн эмгегин мажбурлап колдонуу) боюнча кылмыш иши козголгон.