Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында 41 жаштагы аялды 3 эркек 7 күн зордуктап, ур-токмокко алып, чачын кырып салышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-майда Сузак районунун тургуну 41 жаштагы аял Майлуу-Суу шаарынан Жалал-Абад шаарына баруу үчүн жол тосуп чыккан. Ичинде 3 адам бар унаа ага токтоп, Кочкор-Ата шаарына чейин алып кетүүнү убадалашкан. Бирок көздөгөн жерге алып барбастан кайра Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып, анда камап, сабап, үчөөлөп зордукташкан. Андан соң чачын кырып салышкан. 25-майда жабырлануучу качып чыгып, арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган.
Ур-тепкиден жабырлануучу денесинен жаракат алып Майлуу-Суу шаардык бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Шектүү катары 43 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 22 жаштагы Көк-Таш айылынын тургуну жана 36 жаштагы Бүргөндү айылынын тургуну кармалган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3 пункту (алдын ала сүйлөшүп алып, топ менен зордуктоо) жана 125-беренеси (кулчулукта кармоо, бирөөнүн эмгегин мажбурлап колдонуу) боюнча кылмыш иши козголгон.