Тажикстанда маркумду акыркы сапарга узатуунун тартиби жөнүндө жобо иштелип чыкты. Ага ылайык, жаранды акыркы сапарга узатуу иш-чарасында катуу кыйкырып ыйлоого, чачын жулуп, бетин тытууга, атайын кошокчуларды буюртма кылууга болбойт. Ошондой эле маркумду узатууда кара түстүү кийим кийүүгө жана иш-чарада микрофон колдонууга жол берилбеши керек. Мал союлбасын, маркум жерге коюлгандан кийин азалуу үйдө көпкө отурууга да болбойт деген да норма каралган.
Ошондой эле маркумга арналып "үчилик", "кыркылык" жана "жылдык" деген жөрөлгөлөр да болбошу керектиги айтылат документте.
Аталган өлкөнүн ММКлары жазгандай, 1 апта мурун бул эрежелер камтылган 500 миӊ даана китепче басылып чыккан. Жобо дин иштери боюнча комитет, президенттин алдындагы исламды изилдөө борбору жана аалымдар кеӊеши тарабынан даярдалганы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, документ азырынча сунуш мүнөзүндө. Эгерде тийиштүү мыйзамга түзөтүү киргизилсе, жободо жазылгандар милдеттүү түрдө аткарылышы керек болорун жазып жатышат Тажикстан ММКлары.