“Улутташтырылган объекттерди сатууда чукуламай башталып, ошондуктан бизге инвесторлор келбей жатышат”, - деп билдирди 27-сентябрда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев.
Анын айтымында, улутташтырылган объекттерди сатууда көйгөйлөр бар. “Объекттерди сатууда маселени Жогорку Кеңеш карайт, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгойт. Андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети текшерет. 100 жолу текшеребиз. Ошондон улам мүлктөргө инвесторлор келбей, арзан сатылып жатат”, - деп билдирди депутат.
Жыйындын башында “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова "Альфа Телеком" жабык акционердик коомун (Мегаком) сатуу боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштап, колдоо тапкан.
Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бактыбек Мураталиев “Мегакомду” сатуу боюнча маалымат берип жатат. Анын айтымында, компанияны сатып алуу үчүн Орусиянын жараны Елена Нагорная арыз берген.
Эске салсак, 18-августта "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү чечими кабыл алынган. Аталган фонддун төрагасы Болсунбек Казаков “Мегаком” 13 миллиард 500 миллион сомдон төмөн эмес баага сатыла турганын билдирген.