Республика боюнча 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында жайыттарды пайдалануудан 41 миллион сомдон ашуун акча каражаты чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу 8,7 миллион сомго көп каражат чогултулган. Көрсөтүлгөн акча каражатынын көпчүлүгү Жалал-Абад облусу боюнча жыйналган. 2009-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта жайыт үчүн чогултулган каражат 11 миллиондон 131 миллион сомго чейин өскөн.
"Жайыт комитеттери чогулган акчаны кайда жумшаш керек экендигин жолдорду, көпүрөлөрдү ремонттон өткөрүү же куруу, же кандайдыр бир техника алууну өздөрү чечип жатышат. Акыркы 7 жыл ичинде улуттук долбоор аркылуу 15 миң чакырым жайыт жолдору оңдолуп, 1600дөн ашык көпүрө, 750дөн ашык суу түтүктөрү курулган", - деп билдирди басма сөз кызматы.