Австралиялык Бель Гибсон аттуу блоггер кызга сот залалдуу шишик тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн 322 миң доллар суммасындагы айып салууну өкүм кылды. Би-би-си маалымат агенттигинде жазылгандай, 1991-жылы туулган Бель Гибсон интернеттеги өздүк баракчасына өзүн 3 жашка улуу белгилеп, туура тамактануу аркылуу мээдеги залалдуу шишикти айыктырса боло тургандыгын жазган.
Муну менен катар эле ал андан кеңеш сурагандарга өзүнүн залалдуу шишиктен ийгиликтүү айыккандыгын айтып, ден соолукка зыянсыз тамактануунун рецептерин берип, андан каражат таап турган.
Сот 25 жаштагы блоггердин бул аракетин "бети жоктук, уятсыздык" деп атап, "Адамдарды жалган маалымат менен азгырган" деген тыянак чыгарган.
Гибсон социалдык тармактардагы баракчаларында, китептеринде ар дайым дени сак жашоо образын карманып, туура тамактанарын жана диета кармай тургандыгын белгилеген. Мындан тышкары ал туура тамактануу рецептеринин топтомун мобилдик телефондорго тиркеме катары киргизген. Анын бул тиркемеси 113 өлкөгө популярдуу болуп, бул дарттан айыгууну каалаган 200 миң колдонуучу аны көчүрүп алган.
Ал эми залалдуу шишикти айыктырса болот деген бактылуу сүрөттөрү жайгаштырылган Инстаграмдагы баракчасына 200 миң колдонуучу катталган. Бель Гибсон интернет колдонуучуларын гана алдабастан, топтогон "тажрыйбасын" бөлүшүү үчүн ар кайсы жерлерде оорудан жабыркагандарга лекцияларды өткөрүп турган.
Блоггердин калпы ал интернеттеги тиркеме, китептеринен түшкөн каражаттарын кайрымдуулукка жумшай тургандыгын айтып, убадасын аткарбагандан кийин билинген. Ал каражатты жөнөтө турган жер блоггерден эч кандай кайрымдуулук болбогондугун билдирген.
Анын жалганы ашкере боло баштагандан кийин социалдык тармактардагы бардык аккаунттарын өчүрүп, из жашырып кетүү аракетин көргөн. Бирок бул ою ишке ашпай, тергөөгө алынганда Германиядагы дарыгерлер тобу ага мээдеги залалдуу шишик деген аныктама бергенин билдирген. Бирок дарыгерлер тобунун аттарын, жетекчисин атай алган эмес.