Кыргыз-Өзбек чек арасынын тактала элек 15 пайызы боюнча Баткенде 1 апта сүйлөшүү жүрдү

Баткенде 21-27-сентябрь күндөрү Кыргыз-Өзбекстан чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

"Жолугушууда делегациялар 5-6-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарында кол коюлган Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жөнүндө келишимге кирбеген чек ара тилкелерин тактоону улантышты", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Сүйлөшүү эки өлкөнүн жумушчу топторунун деӊгээлинде өткөнү белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Өзбекстан президентинин Бишкектеги сапары учурунда Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып, 15 пайызы калганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kyrgyz.kg83
2017-09-28 12:33:08
Кандай чечсенерда жерлерди бере корбогуло.жинге тийсе жапкыла кайтып границаны
+4
BekAmir
2017-09-28 13:17:27
Сохко коридор берсенер анда иштин олгону
+1
Azatbek83
2017-09-28 13:59:40
Чек араны эмнеге ачтынар.Кереги жок эле ачыштын!
+3
shergazy9
2017-09-28 15:44:04
Админ, озубекстанда да жабык эшик артында суйлошуу журуптур беле маалымат берсенерда
+1
admin_superstan
2017-09-28 16:02:54
shergazy9, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан