Израилдик турист кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Маркумдун бети-башында, бутунда, колунда жаракаттары болгон

Израилдик 22 жаштагы турист кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG порталына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, маркумдун бети-башында, бутунда, колунда жаракаттары болгон. Материал боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Айта кетсек, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израиль өлкөсүнүн эки жараны жана Франциянын эки жараны турист катары келишип, Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет.

23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу, израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливне жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Ал эми Израиль мамлекетинин жараны 1993-жылы туулган Городесен Нафад аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган.

Жабыркаган Городесен Нафадга Франция мамлекетинен келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан, Израиль мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон менен байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы, бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен.

Израиль туристтик фирмасы Кыргыз жериндеги CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. CBTi фирмасы Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.

24-сентябрь күнү саат 19:00 чамасында Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франция мамлекетинин эки жараны жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливне дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин, 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен.

25-сентябрь күнү израилдик турист кызды издөө иштери башталган. 29-сентябрь күнү анын жансыз денеси аскадан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Karban86
2017-09-30 17:57:31
Аскадан куласа болот да жаракаты, жон жерден токойдун кароолуна асылбагыла
+11
Stervamyn
2017-09-30 20:10:37
Karban86,туура.Ошончо бийиктиктен кулагыча эзилип кетсе керек бут баржогу.
+5
asankulov12
2017-09-30 18:28:55
Жынында жургондорду суракка алыш керек
0
Talastan
2017-09-30 20:15:56
Биринчи Городесен Нафад тан сурак алыш керек. Бул менин жеке оюм.
+5
sereznaya
2017-09-30 20:53:54
Туризмге таасир бербесе экен
+1
meni_kut
2017-09-30 21:29:07
Супер инфо,Кызыл китепке кирген аркар Марк полону аткан америкалык кызга эмнеге чара корулбой жатат?.
+7
Kuyoo_bala
2017-10-01 16:22:47
meni_kut,туура,ошону козгобойсунарбы супер инфо,ким турат ал анчы америкалыктардын артында?
0
madina.87
2017-09-30 23:39:21
Эми бул кыздын соогун оз мамлекетине алып кетеби ошондо?
Ата-энеси жок бекен?
Эмдигиче келишсе деле болмок
0
talaa11
2017-10-01 00:00:04
Супер инфо,тиги аркарды аткан Америкалык кызга ким уруксат берген? Кунолуулор жоопко тартылыш керек.муну тиешелуу жерлерге билдирип койушунуздарды сиздерден суранам Супер инфо
+3
Kuyoo_bala
2017-10-01 16:24:33
talaa11,супер инфо,силерден жооп кутобуз,аркарды аткандар жоопко тартылыщсын,ким уруксат берген аларга?
0
admin_superstan
2017-10-03 13:58:10
talaa11, Kuyoo_bala, meni_kut, саламатсыздарбы! Сунуш-сурооңуздар тиешелүү бөлүмгө жеткирилген, рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан