Сары-Челекте аскада калган турист кыздын сөөгү алып түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында аскада калган турист кыздын сөөгү алып түшүрүлүп, милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.
Айта кетсек, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израиль өлкөсүнүн эки жараны жана Франциянын эки жараны турист катары келишип, Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет.
23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливне жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Ал эми Израиль мамлекетинин жараны 1993-жылы туулган Городесен Нафад аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган.
Жабыркаган Городесен Нафадга Франция мамлекетинен келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан Израиль мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон менен байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен.
Израиль туристтик фирмасы Кыргыз жериндеги CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. CBTi фирмасы Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.
24-сентябрь күнү саат 19:00 чамасында Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франция мамлекетинин эки жараны жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливне дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен.
25-сентябрь күнү израилдик турист кызды издөө иштери башталган.