Бабанов: "Биз жолубузду улайбыз, 15-октябрда Кыргыз мамлекетине жаңы команда келет"

"Рейтинг боюнча алдыда баратам, мага бийликти басып алуунун кереги жок", - деп билдирди Өмүрбек Бабанов 1-октябрдагы маалымат жыйынында. Президенттикке талапкер мыйзамдуу гана иш жасаарын, Ак үйдү басып алуу ниети жоктугун баса белгиледи.

"Баарыңыздар билгендей, мен эч убакта Ак Үйдү басып алган эмесмин. 2006-жылы дагы Бакиевге каршы 100 миңдей адам чогулганда мен Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыккам. Шайлоо таза өтүш керек. Президент болуп шайлана турган адам төңкөрүш аркылуу эмес, таза жол менен өтүүсү зарыл.

Исаев криминалдын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүздү десе, эмнеге ошол криминалдын өкүлдөрүн кармашпайт? Мен Исаевди билем, ал бир да жолу төңкөрүш жасайлы деген эмес. Биз жеңишке бараткан жолубузду улайбыз. 15-октябрда Кыргыз мамлекетине жаңы команда келет", - деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан