Депутат Анвар Артыков Канат Исаевге кылмыш иши козголуп кармалышын "туура деп ойлойм" деди

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков депутат Канат Исаевге кылмыш иши ачылып, кармалышы боюнча бүгүн, 1-октябрда SUPER.KG'ге пикирин билдирди. Артыковдун пикиринде, мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турушу керек.

"Депутат оор кылмыш ишин жасап жаткан жеринен кармалса камалат жана депутаттардын макулдугу менен кармалат. Менимче, интернетке тараган видеодо Канат Исаев экендиги так эле көрүнүп турат. Мындай маселе менен ойнобош керек. Өлкөнүн туруктуулугу, элдин тынчтыгы баарынан өйдө турушу зарыл. "Үчүнчү күчтөрдү алып чыгам" деген бул болбойт. Буга органдар баа берет го. Бирок жаран катары айтарым, мындайга бийлик жол бербеши керек. Ошондуктан туура деп эле ойлойм. Таза жеңиш болушу керек", - деди Артыков.

Эскерте кетсек, Исаевге кечээ, 30-сентябрда "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан