Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 2-октябрда өтө турган Канат Исаевдин соттук отуруму жылдырылды. Соттук отурумдун төрагасы Абдуразак Боромбаев отурумдун башында жактоочу Бакыт Осмоналиевден процессти жылдыруу өтүнүчү жазылган арыз келип түшкөнүн айтты. Ошондой эле бул процесс 9-октябрь күнү саат 9:30да уланары белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү беренелери боюнча шектелип, Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде 30-сентябрь күнү кармалган. Кечээ, 1-октябрда депутат 48 саатка камакка алынган болчу.
Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейин депутат Канат Исаевге Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.