Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жана уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү беренелери боюнча шектелип Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалды.
"Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, К.Исаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Ө.Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар президенттик шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак", - деп билдиришти УКМКдан.
УКМКдан билдиришкендей, кылмыш ишиндеги чогулган материалдарга ылайык К.Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын бергендиги аныкталган.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, бүгүн Башкы прокуратура Канат Исаевге кылмыш ишин козгогон болчу.