Өзүнүн чуулгандуу окуясы менен белгилүү болгон 18 жаштагы Диана Шурыгина турмушка чыкты. Үйлөнүү үлпөтү кечээ, 5-октябрда өткөндүгүн орусиялык маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, Диана 29 жаштагы телеоператор Андрей Шлягинге турмушка чыккан.
Диана турмушка чыгары тууралуу август айында жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген, бирок көпчүлүк интернет колдонуучулар бул жөн гана өзүнө көңүл бурдуруу деп сыпатташып, эки жаштын сезимдерине ишенишкен эмес.
Үлпөт той Москвадагы ресторандардын биринде өткөн. Тойго түгөйлөрдүн жакындары жана "На-На" тобунун ырчылары келишкен. Алар атайын Диана үчүн ыр арнашып, жакшы каалоо-тилектерин айтышкан. Диана үлпөт көйнөгүн 75 миң рублга алганы жана тойго 3 күн калганда курбу кыздары менен чоң кече өткөргөндүгү да жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Орусиянын Биринчи каналынын көрүүчүлөрү арасында 17 жаштагы Диана Шурыгинанын бир түндө 2 жолу зордукталганы катуу талкууга алынган. “Пусть говорят” берүүсү аны 5 жолу катары менен эфирге чакырган, ошондон кийин Диананы көпчүлүк таанып калган.