Популярдуу вайнер MC_Doncha кезектеги ролигинде Орусияда зордукталган өспүрүм Диана Шурыгина тууралуу ырдаган. Бул ролиги бир жума ичинде 595 354 жолу көрүлүп, "Пусть говорят" телеберүүсүнө барууга себеп болгон. Ролик блоггер Данияр Айтмандын сынына кабылды. Блоггер өзүнүн оюн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Жамандыктын жүзү көп. Алардын бирин - таң калычтуусун жана аңкоосун төмөнүрөөк көрө аласыз. Бул Данияр Токтомаметов, көбүнө Инстаграмдагы кыска музыкалдуу видеороликтери аркылуу MC_Doncha катары таанылган. Балага 500 миңдей колдонуучу жазылган, анын клиптери менен Тимати өзү бөлүшкөн, аны өзүнүн телеберүүсүнө Андрей Малахов эки ирет чакырды. Кыскасын айтканда, MC_Doncha чыныгы жылдызга айланды. Кадимкидей эле, кыргыздар мекендеши чет өлкөгө таанылгандан кубанышты. "Жаштар агат оңго, жаштар агат солго" деп ырдап калышкан Дончаны кумир туткандар. Айтмакчы, ага даңкты алып келген бул ырда Донча орусча чала сабаттуу сүйлөгөн "мырктын" образында (өзү орусча жакшы сүйлөйт) аны кабыл албай койгон кыз тууралуу таарынган, капаланган үн менен ырдаган: "Сен мени колдондуң, а мен сени сүйөм". Кыз аны "майонез жана "грамотный" дюшес" менен тойгузган балага бербей койгон. Ыр күлкүлүү, тамашалуу көрүнөт, баары эле ошондой кабыл алышкан. Бирок Дончанын акыркы видеолорунан улам анын алгачкы хитинде кадимки мизогиния байкалууда. Тагыраагы, эркектин аялга болгон капасы, жек көрүүсү.
Орусияда Диана Шурыгина аттуу кыз зордукталган. Зордукчуну камашты, ал эми малдай болгон эл катмары кылмышкерди колдоп, Диананы өзүн зордуктоого "провокация жараткан" деп, жалаа жаап жатышат. Иш элге тарап кетти. Диана Орусияга таанылды, аны теле алып баруучулар, блоггерлер жана ар кандай белгилүүлөр тебелеп кетишти. Башкалардын баары үчүн 17 жаштагы кыздын ич кийиминин астына кирүү кызыктуу болуп, анын интимдик жашоосун талкуулагылары келди. Биздин Донча ушу жерден чыга калды. Жакынкы күндөрү Малаховдун "Пусть говорят" телеберүүсүнө барып, Диананы "дурус эле балдарды" 8 жылга соттотконуна күнөөлөдү. Чынында "мырк" Дончанын сахналык образы эмес, анын өзү экен.
Донча Диананы бир жакка жибергени тууралуу ролик жарыялады, ал жарым миллиондой кароого ээ болду. Эми Донча малдай болгондордун кумирине айланды. Чыныгы эркек, эмне дейм. Эркек аялдын намысын коргобойт, эркек аялды жаманатты кылат жана андан акча табат. Донча - ал тамаша эмес. Бул аялдарга таарынган агрессивдүү армиялуу ырчы. Ишенбесеңер, анын Инстаграмына кирип көрүңүз. Эгер силер, "мизогиния" эмне экенин билбеген болсоңор, анын кандай экенин көрөсүңөр. Донча, балким, сен кыйын баласың, бирок сени "эркек" деп биологиялык жактан гана атоого болот", - деген Данияр Айтман.
Белгилей кетсек, Диана Шурыгина 2016-жылы 31-мартта Ульяновскто Сергей Семёнов тарабынан зордукталганы аныкталган. Шурыгина 1-апрелде арызы менен укук коргоо органдарына кайрылып, декабрь айында зордукчу 8 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк жогорку инстанциядагы сот Семёновду 3 жыл, 3 айга кескен. Бул окуя коомчулукка Шурыгина январь айында "Пусть говорят" телеберүүсүнө келгенден кийин тарап кеткен. Коомчулук экиге бөлүнүп, бири кызды алдамчылыкка күнөөлөсө, бири аны коргоого киришкен. Анын эфирдеги сөздөрү бир нече мемдерди жараткан.