Каптагаев: "Депутаттардын шайлоо алдында тарап кеткени өлкө үчүн кечирилгис чыккынчылык"

Бүгүн, 6-октябрда "Таза шайлоо үчүн" кыймылы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын уюштуруп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жаралган маселелер боюнча маалымат берди. Кыймылдын мүчөсү Эмилбек Каптагаев үгүт иштери жүрүп, өлкөнүн тагдыры таразага коюлуп турган учурда депутаттардын тарап кетишин чыккынчылык деп атады.

"Жогорку Кеңештин депутаттарынын бүт баары өлкөнүн тагдырын чече турган мезгилде качып кетип, кворум жок деген шылтоо ишин үзгүлтүккө учуратышы бул кечирилгис кадам. Анткени президенттик шайлоо бул өлкөнүн тагдырына байланыштуу. Мамлекет үчүн, өлкө үчүн жоопкерчилик парламентте. БШК болобу, укук коргоо органдары болобу, кандай иштер болуп жатса таасир этип, туура эмес учурда, туура жолду көрсөтүп турушу керек болчу. Бүгүн качып тарап кеткени өлкө үчүн мамлекет үчүн чыккынчылык. Ачык айтышыбыз керек: кызматында өз убагында болбогону үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышы керек", - деди Каптагаев.

Айта кетсек, 28-сентябрда "Жогорку Кеңеш президенттик шайлоого чейин пленардык жыйындарын өткөрбөйт" деген чечим кабыл алынган. Төрага Чыныбай Турсунбеков мындай чечимди депутаттардын жумушка келбей жатканы менен түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taku1414
2017-10-06 15:04:54
Акмак депутаттар
+1
mir777
2017-10-06 15:56:49
Эмилбек ото душасы таза адам экен
0
nura.177
2017-10-06 18:20:06
Журушотда шайлоого кыз мат кылышып эмне кереги бар бизге ушул бепайдалардын кайтып кел бегите журо бергиле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан