Бишкек жылуулук ишканасынын дебютордук карызы 177 миллион сомго жетти

Бишкек жылуулук ишканасынын дебютордук карызы 177 миллион сомго жетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Бишкек жылуулук ишканасынын директору Эркин Абдыкалыков маалымат жыйынында билдирди.

"Жылуулук алгач мектепке чейинки мекемелерге, андан соң мектептерге, ооруканаларга, ошондой эле жашоочуларга, эң аягында жылуулук кызматына карызы барларга берилет. Ишкананын дебютордук карызы 177 миллион сомду түзөт. Анын 22 миллион сому бюджеттик ишканаларга тиешелүү. Ошондой эле 5,8 миллион сому өнөр жай ишканаларына, 13,7 миллион сом башка колдонуучулардын жана 135 миллион сом жашоочулар карыз", - деди Эркин Абдыкалыков.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Коргоо министрлигинин чоң көлөмдө карыздары бар. Аталган мамлекеттик мекемелер бир канча убакыттан бери карызын төлөй элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан