Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын камагынан СИЗО-1ге бүгүн которулушту. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан Элеонора Сабатарова билдирди.
"Бүгүн, 10-октябрда түшкү саат 12:00дө соттолуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду УКМКнын тергөө абагынан ЖАМКнын №1-СИЗОсуна которуу иштери жүргүзүлдү. Мекеменин шарты боюнча тергөө абагынан которулган соттолуучулар аталган СИЗОдо 1 апта бою ар кандай медициналык текшерүүлөрдөн өтөт. Андан соң сот кайсы режим менен жаза мөөнөтүн өтөөгө буюрса, ошол режимге ылайыкташкан абакка киргизилет".
Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүмүн чыгарган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
Кошумчалай кетсек, соттолуучулардын жактоочулары шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылышарын билдиришкен.