Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыратылды. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырды. Мындан сырткары абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды. Бул чечимди бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.