Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте "Илим, мамлекеттик бийлик бутактары жана коом - жер титирөө коркунучунун алдын алуу үчүн бирдиктүү аракеттер" аталышындагы эл аралык семинар өтүп жатат. Ага кыргыз окумуштууларынан сырткары Азербайжан, Улуу Британия, Германия, Индия, Индонезия, Непал, Орусия, Украина, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген адистер катышып, пикир алмашып, кызуу талкуу жүрүүдө.
Эл аралык жыйын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз өлкөсүндөгү Азия мамлекеттеринин Илимдер академиялары ассоциациясы жана илимий коомчулуктары тарабынан уюштурулган. Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, семинар жер титирөө тобокелчиликтерин азайтуунун реалдуу стратегиясын карап чыгуу жана расмий тараптарга жаратылыш кырсыктары тууралуу алдын ала маалымат таратуунун деңгээлин жогорулатууну максат кылат. Ошондой эле илимдин, коомчулуктун жана мамлекеттик мекемелердин биргелешкен аракетинин аянтчасын түзүүгө чакырык жасайт.
Улуттук илимдер академиясынын алдындагы сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахманов Кыргыз өлкөсүндө жылына орточо эсеп менен 8 миң жер титирөө катталарын билдирди.
"2019-жылы Кыргыз мамлекетинде сейсмикалык активдүүлүк күчөшү болжолдонууда. Күчөйт деген сөз күчтүү жер титирөөлөр катталат дегенди билдирбейт. Ошол жылы көп сандагы жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Өлкөбүздө жылына орточо эсеп менен 8 миңге чукул жер титирөө катталат. Ал эми 2015-2016-жылдары анын саны 13 миңге жеткен", - деди ал.