Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата чыгарылган Ленин райондук сотунун чечими боюнча Жогорку Сот билдирүү таратты.
Билдирүүдө белгиленгендей, 2017-жылдын 10-октябрында Аида Салянова Ленин райондук соту тарабынан кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо чечими кабыл алынган.
Кылмыш кодексинин 72-беренесинин негизинде жаза өтө мөөнөтү 2015-жылы туулган 2 жаштагы кызы 14 жашка чыкканда ишке ашырылат. Мындан улам анын өлкөдөн чыкпоо, каттоодо тургандыгы боюнча баш коргоо чарасы чечим күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылат.
Бир канча маалымат каражаттары, сотто Аида Саляновага жана анын жактоочусуна жарыш сөзгө мүмкүнчүлүк берилбегени жөнүндө, ал тургай айыпталуучуга акыркы сөз да берилбегени боюнча маалымат таратышты.
"Бул такталбаган жана бурмаланган маалымат. Соттук отурум 2017-жылдын 10-октябрына эртең мененки саат 8:30га белгиленип, сотко Салянова жана жактоочусу Жумаков келишкен. Бирок дагы бир жактоочу Жакупбекова белгисиз себептер менен сотко келген эмес. Бул сотто жарыш сөздү улантуу үчүн жактоочу Жумаковго мүмкүнчүлүк берилген. Жактоочудан кийин жарыш сөз үчүн Аида Саляновага убакыт берилип, бирок айыпталуучу андан баш тарткан. Жарыш сөздөн кийин Саляновага акыркы сөз берилип, ал андан да баш тарткан", - деп айтылат соттун маалыматында.
"Соттук отурумдар Салянованын жактоочусу Жакупбекованын катышуусунда өткөн. Ошондуктан соттук териштирүүлөрдө айыпталуучунун укуктары бузулган эмес. Мындан тышкары Аида Салянованын кызыкчылыгын коргоо үчүн коомдук жактоочулар да катышып, бир канча күнгө созулган жарыш сөздөргө катышкан", - деп толукталган маалымат.