Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылды. Ага карата мүлкү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырды. Мындай өкүмдү бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарды.
Сот Кубанычбек Касымбеков баса белгилегендей, өкүм Салянованын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.
Өкүм менен макул болбогондор 10 күн ичинде шаардык сот аркылуу даттанууга укуктуу.
Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталган.
Прокурор соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн конфискациялоону суранган.