БШКнын жумушчу тобу түшкөн арыздын негизинде президенттин сөзүн талкуулап жатат

Бүгүн, 11-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу активист Адил Турдукуловдун арызынын негизинде президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн талкуулап жатат.

Турдукуловдун айтымында, президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мугалимдерди куттуктап жатып ачык эле президенттикке талапкерлердин бирин колдоду.

“Президент ачык эле “биздин талапкердин рейтинги өстү, жеңишке жетет” деген сөздөрдү айтты. Мамлекет башчынын мындай сүйлөгөнү биринчи жолу болгон жок. Буга чейин дагы ушул өңдүү үгүттөр болгон. Президент мамлекеттик кызматкер болуп эсептелет. Эң жогорку кызматты ээлейт. Мамлекет башчы бир топтун кызыкчылыгын коргоп жаткандай көрүнүүдө”, - деди активист.

Турдукулов БШКга президенттик аппаратка же президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабына эскертүү берүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
PROS
2017-10-11 17:55:08
Эскертүү бергенге духу жетпейт күнкарамалардын!!!
+22
heaven2016
2017-10-11 18:27:01
PROS,Ээх эмне деген мыйзам бизде.. Бардык орган президентке көз каранды.. БШК жөн эле муну тузбой деле койушса болмок экен. Полюбому ашанын айтканын аткарышат фуу
+8
toktor89
2017-10-11 18:03:23
Женилсе ха ха болоомуке дуйшон сапарга окшогон саясатчылар чыгат гарантия 100%
+4
Nazar76
2017-10-11 18:06:39
Эч нерсе кыла албайсыңар калпы эле талкуулап жатабыз дештин кереги жок
+8
nurbekasr
2017-10-11 18:09:43
Ош шаарынын көчөлөрүнөн бүгүн эч бир адамды көрбөдүм,кийин сураштырсам элдин баарын стадионго айдап барышкан экен.Стадион жакка бара калсам Жээнбеков эл менен жолугуп жатыптыр,эми бут коёрго жер жок адам көп тыгын стадиондо.Эми кийинки шайлоодо талапкерлер эл менен жолугуш үчүн 50 миң адам бата турган стадион куруп койсо жакшы болмок.
+1
kenjebek_a
2017-10-11 19:01:55
АШАнын оозунан чыккан сассык деген созду,бир эле созду бутундой Кыргызстан деген олконун тилчи,окумуштуу,доцент, профессор академикмин дегендин бироосу чечмелеп бера́лган эмес.Баары чээнге кирип кеткен.Бул жерде коп соз айтылган,БШК жон эле карамыш болот да эми.
+7
kenjebek_a
2017-10-11 19:06:31
СНБ,МВД,прокуратура,соттордун баары АШАнын айтканы менен болот.Ушул арызданып жаткандар да кызык да,же бекерпоздорбу билип туруп соттошот, бийликтин адамдары менен тирешишет.
0
Dimonbek
2017-10-12 15:25:28
kenjebek_a,сендей бекерэмеспоздор көп болгону үчүн өзүң жогоруда белгилегендердин баары АШАдан көз каранды болуп жатат.
0
meerim01
2017-10-11 19:19:24
Колунардан ечтеке келбейт
+4
Take_men
2017-10-12 08:05:41
Президенттин айткан сөзүнөн улам чек арада казак тарап бизге кордук көрсөтүп баштады.шакылдатып комментарий жазчуулар эмне унчукпайсыңар? Же уккан жоксуңарбы? Же талкан салып алдынарбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан