Түркмөн башчысы Бердымухамедов Путиндин туулган күнүнө алабай күчүк белек кылды

Кечээ, 11-октябрда Сочиге иш сапары менен барган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Орусиянын президенти Владимир Путинди өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктап, ага алабай тукумундагы күчүк белек кылды.

"Мен жагымдуу миссиядан баштайын деп турам. Жакында эле сиздин туулган күнүңүз болгон. Сизди чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, ийгилик жана бардык жыргалчылыктарды каалайм. Белекке алабай тукумундагы кичинекей күчүктү ала келгем", - деген ал.

Видеодон Бердымухамедов күчүктү алып келүүнү айтып, аны алып келгенде желкесинен көтөрүп алганы көрүнүп турат. Күчүк өзүн оңтойсуз сезип жатканын байкаган Путин аны колуна алып, башынан өпкөн.

Бердымухамедов Сочиге КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган.

Эске салсак, Орусиянын эл башчысы Владимир Путиндин туулган күнү 7-октябрда өткөн. Ал бул жылы 65 жашка чыкты.

Бердымухамедов Путинге алабай тукумундагы күчүк белек кылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Aydarov.0607
2017-10-12 09:02:37
Сонун Кучук.
+7
Isco23
2017-10-12 09:14:15
Негедир ушу президенттер жаныбарларрды жакшы корот а биздики ХХХХ жакшы корот
+5
Sezy
2017-10-12 10:14:34
Байкуш кучукту желкесинен кармабай, акырын кучактап которсо болмок тиги президент. Байкушка желкеси ооруп калды го, Путин азамат ошону байкап, акырын кучактап которду. Желкесин акырын сыйпалап. Тиги президент аман эле болсун, таш боор окшойт.
+1
engel
2017-10-12 10:41:25
Sezy, бул биздин азияттардын европалыктарча жаныбарларга уйрулуп тушпогондугубуздон. Азияттардын канында бар орусча айтканда "сдержанный" келебиз. Сезимибизди ачык корсотпойбуз, эркектерибиз ыйлабайт же корсотпойт ж.б.
+3
datkayimjan
2017-10-12 11:19:45
Иттей ырылдашып калбайлы деп ырымына акча берип коюшкан кыргыздар.
+1
Paolo
2017-10-12 11:38:43
Эми муну коруп Атамбаев бир балаа подарка кылып журбогой эле
-3
Pandora
2017-10-12 12:34:04
Paolo,ал жылкы подарка кылып койгон уде если что
+4
Romantik.
2017-10-12 12:26:20
Эх кандай сонун кучук?
Мен дагы алабай кучук баккым келип журот. Кайдан сатып алса болот?
И тайган дагы
+1
Pandora
2017-10-12 12:35:47
Азияда айрыкча мусулман мамлекетинде жаныбарларды озуно жакын ала беришпейт,жактырышы мумкун бирок ооп жытап озунон кеткендер чанда гана
+1
amina_kyzym
2017-10-12 13:34:10
ittin kandai tyn ekenin korsottyda jelkesinen kotoryp
+1
Mambetali
2017-10-12 13:49:19
Акаев да тайган белеке берген Германиянын Канслерине бирок эки ай карантинде жаткан ит байкуш
+2
rysik79
2017-10-12 15:22:43
Итти ушинтип эле которот баары эле Путин акем кучактаганда качан ХХХХ коёт экен деп корктум оло.
+2
zhykyo
2017-10-12 15:52:18
Негизи Кучук бербейт жакын кишиге урдап алыш керек же сатып дегендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан