Бишкек шаардык мэриянын "Тазалык" ишканасына 19 атайын техникалар сатып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишканага 15 таштанды ташуучу, 4 жүктөөчү техника сатып алынды. Жаңы техникалар салтанаттуу азем менен ээлерине тапшырылды. Иш-чарага калаа башчысы Албек Ибраимов жана ишкананын кызматкерлери катышты. Алынган техникалар шаардык бюджеттин эсебинен калаанын чарбалык ишин жөнгө салуу максатында сатып алынган.
"Тазалык" муниципиалдык ишканасында жалпы 251 техника бар. Анын ичинен 196 техника оң абалда. Жумуш аткарууга 175-180 техника чыгарылат. Ишкана дагы жаңыланууга муктаж.