Бишкекте бүгүн, 13-октябрда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүүдө.
Анда Бекназаров: "Мен президенттик жарыштан талапкерлигимди алдым. Себеби - шайлоонун таза өтпөй турганы. Башынан эле таза эмес иштер жасалууда. Бүгүнкү шайлоо системи таптакыр туура эмес", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого катышуудан баш тартканын 12-октябрда теледебат учурунда билдирген.