БШК: "14-октябрь күнү таңкы саат 8ге чейин үгүт жүргүзүүгө болот"

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 23-беренесине ылайык, өлкөдө 14-октябрда үгүт иштери токтотула турганын жарыялаган. Аталган беренеде "шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт" деп жазылган.

БШКнын мүчөсү Назарали Арипов: “Үгүт иштери мыйзамда 1 күн калганда токтотулат деп жазылып турат. Мындайча айтканда, бүгүн үгүт жүргүзүү иши бүтөт. Түнү менен эч ким үгүт ишин жүргүзбөйт. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамда кандай жазылган болсо, ошондой жумушту аткарабыз”, - деп билдирди.

БШКнын басма сөз катчысы Нурия Ташполотова адегенде үгүт жүргүзүүнү токтотуунун сааты мыйзамда жазылбаганын айтты. Кийинчерээк тактап берерин айткан басма сөз катчы көп өтпөй "үгүт жүргүзүү 14-октябрда таңкы саат 8:00дө токтотулат" деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан