Антарктидада Адели пингвиндеринин балдары азыктын жетишсиздигинен кырылууда

Адели пингвиндеринин акыркы убактагы көбөйүүсүнөн болгону 2 баласы гана тирүү калган. Калгандары азыктын жетишсиздигинен өлүп калган. Би-би-си маалымат агенттиги жазгандай, айлана-чөйрө боюнча эксперттер бул абалды Адели пингвиндеринин кырылуусу деп атады.

Буга чейин 2015-жылы да мындай окуя катталып, анда пингвиндердин бардык балдары өлүп калган. Пингвиндин балдарынын өлүмүнүн себебин чөң көлөмдөгү муздардын көп санда көбөйгөндүгү менен байланыштырышууда. Мындай абалда пингвиндер азык табуу үчүн көп убакыт коротушат. Жаратылышты коргоо уюмдарынын өкүлдөрү 36 миңге чукул пингвин байырлаган Антарктиданын чыгыш жагына тез аранын ичинде суудагы корук аймагын түзүүгө чакырууда.

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фондунун маалыматына ылайык, пингвиндерге, жалпы эле антарктидалык жандыктарга азык боло турган майда суу жандыктарын көбөйтүү менен көйгөйдү чечсе болот.

Пингвиндерди коргоо сунушу боюнча талкуу Антарктиданын деңиз жаныбарларынын ресурстарын коргоо боюнча 25 кишиден турган комиссиясы менен Евросоюздун жолугушуусунда 16-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2017-10-14 14:42:25
Боингдагы жуктун ээсин ким табып куноосун мойнуна койот?Же эмне ушуну менен унутулуп кетеби?Каргашалуу жуктун ээси озубуздо эле болсо керек.Президент алмашса биринчи ошону карашы керек!
+15
aruuzatmeka
2017-10-14 15:05:05
Байкуштар,ушул пингвиндерди жакшы кором
+8
Komrad
2017-10-14 15:25:40
Макулуктар
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан