ИИМ: "Таласта коомдук-саясий абал милициянын көзөмөлүндө"

Ички иштер министрлигинин бүгүн, 16-октябрь күнү саат 15:00гө карата берген маалыматы боюнча, Талас шаарында коомдук-саясий абал милициянын көзөмөлүндө.

"Талас шаарындагы борбордук аянтта, Өмүрбек Бабановдун штабынын жанында 200дөн ашык адам чогулду. Алар тарабынан азырынча эч кандай талаптар коюла элек. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Тартип бузуулар катталган жок", - деп билдиришти ИИМден.

Буга чейин окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабарга" маалымат жөнөтүп, Талас шаарынын борборуна 400дөй адам шайлоонун жыйынтыгына нараазычылыгын билдирип чыгышканын айткан.

15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон.

ИИМ: "Таласта коомдук-саясий абал милициянын көзөмөлүндө"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
erlist
2017-10-16 15:27:40
Камаш керек баарын
-18
isabek1977
2017-10-16 15:30:14
Бабанов туура эмес иш кылып жатат.
-13
Nyra.
2017-10-16 15:38:34
Бабанов жакшы адам болсо эл озу тандамак, жаман адам учун отпой калдыда. Мышык майга жетпей сасык дептир дегендей. Бийлик мындай бийлик тигиндей деп жамандап, шайлоо таза откон жок деп элди угуттоп бузгандын эч бир пайдасы жок.
-13
312-banda
2017-10-16 15:39:29
Nyra.,таза шайлоо болгондо 50 % жогору болот эле Адахан эко
+11
Nyra.
2017-10-16 15:43:32
312-banda,мисалы Адахан Мадумаровту ким колдойт айланайын. Аны силер эле колдобосонор башка бирда жан колдобосо керек.
-10
Nyra.
2017-10-16 15:40:48
Аял киши качан митингке чыкчу эле тобоо, уйунордо жумуш жок немедей эле журосунор да кызык.
-12
Nyra.
2017-10-16 15:48:16
Ою таза адам митинг кылбай жашоосун уланта бермек, ойлосом бабановтун коздорунон миллиондор учуп жан дуйносу тынчтана албай жатат чиркин.
-5
Tuke8686
2017-10-16 16:04:24
Бул шайлоо эн ыплас шайлоо болду таза эмес наалат
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан