Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча Сооронбай Жээнбеков 50 пайыздан көп добуш алып, биринчи орунда келе жатат. Ал эми Өмүрбек Бабанов экинчи орунда, Адахан Мадумаров үчүнчү орунда.