Сузакта үчүнчү наристесин күтүп жаткан келиндин төрөттөн каза болгону боюнча кезектеги соттук отурум 27-октябрда болот.
Сузак районуна караштуу Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштеген С.Бүбүрабияга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе" жана "кызматтык жасалмалуулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жогорку Соттун маалыматына караганда, ушул жылдын 28-августунда кылмыш иши райондук соттун өндүрүшүнө кабыл алынган. Иш боюнча соттук отурум сентябрь айында үч жолу жана октябрда эки жолу өтүп күбөлөр суралган. Эгер дарыгердин күнөөсү далилденсе ал үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
Буга чейин SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун тургуну Кайыргүл Аманова кайрылып "Үчүнчү наристесин төрөгөнү барган эжем дарыгердин айынан көз жумду” деп билдирген эле.
Анын билдиришинче, окуя 2016-жылдын ноябрь-декабрь айларында болгон. Анда маркум Нуржан Аманова ай-күнүнө жетип 28-ноябрда Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барган. Акушер-гинеколог С.Бүбүрабия ага толгоону чакыруучу дарыдан 3 доза берген. Нуржан Аманова толгоосу башталып, бирок жатыны жарылып кеткен. Баласы ич көңдөйүнө чыгып канга тумчугуп чарчап калган. Энеси эс учун жоготуп, комага түшүп калган. Комадан чыккандан дарыгерлер ага жатыны алып салынганы жана баласы чарчап калганын айтышкан. Муну уккан эне кайрадан комага түшүп калган. Маркумдун туугандары дарыгерлер этиканы сакташкан эмес деп айыпташууда. Нуржан Аманованын канында канттын деңгээли көтөрүлүп кеткенин дарыгерлер өз убагында билишкен эмес. Ичинде кан уюп калышы мүмкүн деген божомол менен дарыгерлер дагы операция жасашып, бирок эч нерсе табышкан эмес. Нуржан Аманова 2017-жылы 2-январда көз жумган.
Айыпталуучу С.Бүбүрабия окуя боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал эми анын жолдошу журналисттерге жубайы күнөөлүү эместигин, буга маркум төрөт маалында эмес, андан бир ай өткөндөн кийин каза болгонун айтып түшүндүргөн.
Маркум Нуржан Аманованын төрөттөн кийин каза болгону өлкөдө бул көйгөй дале орчундуу экенин көрсөттү. Кыргыз мамлекети КМШ өлкөлөрүнүн арасында кош бойлуулук маалында жана төрөт учурунда каза болгон энелердин саны боюнча бир канча жылдан бери алдынкы орунда келе жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дарылоо жана профилактика бөлүмүнүн башкы адиси Раиса Асылбашева бул тармактагы көптөгөн маселелерди чечүү боюнча аракеттер жасалганы менен көрсөткүч өзгөрбөй жатканын айтат.
"Ушул жылдын 8 ай аралыгында өлкө боюнча 34 аял кош бойлуулук мезгилинде жана төрөт маалында каза болгон. Көпчүлүгү экстрагениталдык оорулардан улам көз жумду. Дарыгерлер катачылык кетирген учурлар да бар. Биз дарыгер, акушерлер, медайымдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жогорудагыдай кырдаал кайталанбаш үчүн тийиштүү кадамдарды талкуулайбыз. Бирок энелердин өлүмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында дале алдынкы орунда келе жатабыз", - деди Асылбашева.
Нуржан Аманованын иши боюнча медициналык экспертиза жасалып, прокуратурага берилгенин кошумчалады.