Бишкекте 11 адам жабыркаган имараттын кулашы боюнча имаратты куруп жаткан "Авангард Стиль" курулуш компаниясы билдирүү таратты

Бишкектеги А.Токомбаев көчөсүнө курулуп жаткан имараттын кулашы боюнча аталган курулушту ишке ашырып жаткан компания билдирүү таратты. ӨКМ билдиргендей, кыйроого учураган курулуш Бишкектеги "Авангард Стиль" курулуш компаниясына таандык болгон. Окуя кечээ, 23-октябрда катталган.

"23-октябрда саат 13:56 чамасында Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Авангард Стиль" ЖЧКсына таандык имаратта кооптуу кырдаал катталган. Имарат 2 кабаттуу болгон, анын чатырына бетон куюп жаап жатканда азырынча бизге белгисиз себептерден улам, бетон куюлуп жаткан калыптын (опалубка) конструкциясы кулап кеткен. Жыйынтыгында эки курулушчу жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын өмүрүнө коркунуч жок.

Коомчулукта тарап жаткан маалыматтардан улам төмөнкүдөй билдиребиз: Биринчиден, жаралган кырсыктан адам өмүрү кыйылган жок жана өмүрүнө коркунуч келип, олуттуу жаракат алгандар жок. Экинчиден, имарат эмес, чатырына бетон куя турган калып конструкция кулаган. Ал эми үчүнчүдөн, кырсык катталган 2 кабаттуу имарат көп кабаттуу турак үйдүн жанында курулуп жаткан. Ошондой эле кырсыктын келип чыгуу себептери боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүрүп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ӨКМнын маалымат кызматы билдирген акыркы маалыматка таянсак, аталган окуядан 11 адам жабыркап, алардын 2өөнүн абалы оор боюнча. "Курулуш компаниясы жүргүзүп жаткан имараттын 2-кабатынын монолити кулап түшүп 11 адам жабыркаган. Ооруканага 2 адам оор абалда жеткирилип, 9 адамдын абалы туруктуу", - деп билдирген аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Isco23
2017-10-24 08:42:37
Жакшы билдируу. А то внтпесе эле крышасы,дом озу,2чи этажы кулап тущуп калыптыр,тигинтиптир,антиптир,эми куюла турган нерсени начар куруп коюшкан деп атат,мында эл кантип жашайт деп корбой туруп эле
0
Freemankg
2017-10-24 09:44:34
2 этаждын крышасына куюп атса , подвал жана 1 чи этаждын каркасы кулап атпайбы. Арматура жана цементти аз.
+3
evra_kg
2017-10-24 09:58:50
Кудай сактасынго жер титироо болсо жон эле кулуп тушот эптемей эле салынтат
+11
eddi.kg
2017-10-24 10:22:17
evra_kg. isco23 кечиресиздер,туура жазганды үйрөнөлү
-6
Isco23
2017-10-24 12:24:38
eddi.kg,БГУда кыргыз тилинен сабак бербейсизби?клавиатурада ката кетет да,балким сиз деле ката жазып калаттырсыз.
+4
barakcha
2017-10-24 11:17:58
Негизи азыркы салынып аткан"элитка"уйлор эптемей эле...Кудай сактасын!СССР убагында фундаментин куйуп 1,2жыл кутушкон.Толук кургасын деп деп.Азыр 6айда уйлорду толугу менен бутуро салышат нары бери кылып.
+5
Kattaldym
2017-10-24 13:29:59
Деле мурдуларын балта кеспейт го...Биринчиден, экинчиден деп...
+2
alikgz
2017-10-24 22:29:22
Кыргыздар эмнеге биринерди биринер чукуп турасынар тообо кылдыым.....
0
admin_superstan
2017-10-25 11:59:28
alikgz, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган. Билдирүүңүз түзөтүлдү. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан