Бүгүн, 23-октябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун А.Токомбаев көчөсүндө "Авангард-Стиль" курулуш компаниясы куруп жаткан имаратта кырсык катталып, андан жабыркагандардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин жабыркаган адамдардын саны 6га жеткен болчу.
"Курулуш компаниясы жүргүзүп жаткан имараттын 2-кабатынын монолити кулап түшүп 11 адам жабыркаган. Ооруканага 2 адам оор абалда жеткирилип, 9 адамдын абалы туруктуу. Алар медициналык кароодон өтүштү", - деп жазылат аталган министрликтин маалыматында.
Эскерте кетсек, аталган кырсык саат 14:10 чамасында орун алган. Курулуш көзөмөл башкармалыгынын адиси Шараф Ачылдиев билдиргендей, компаниянын техникалык коопсуздукту сактай турган көзөмөл жүргүзүүчү адистери окуяга жоопкерчилик аларын билдирген.