Бишкектин А.Токомбаев көчөсүндө курулуп жатып урап түшкөн курулушту улантууга уруксат берилген жок. Экотехинспекциянын Бишкек шаарындагы башкармалыгынын башчысы Мелис Адиевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, учурда курулуш толугу менен сүрдүрүлүүдө. "Учурда курулуш бузулуп жатат. Ал эми иликтөө иштери бүткөндөн кийин ордуна курулуш куруу же курбоо маселеси каралат", - деди Адиев.
Эскерте кетсек, 23-октябрда Бишкектеги "Авангард Стиль" курулуш компаниясына таандык болгон имараттын 2-кабатынын монолити урап түшүп 12 адам жаракат алып, анын ичинен экөө оор абалда ооруканага жеткирилген.