Нургүл Асанова Жогорку Соттун соту кызматына шайланды

Бүгүн, 25-октябрда парламент Жогорку Соттун соту кызматына Нургүл Асанованын талапкерлигин жактырды. Асанова бул кызматка президент Алмазбек Атамбаев тарабынан сунушталган. Асанованын талапкерлиги добушка коюлуп, 80 депутат “макул” деп добуш беришти.

Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев талапкер Нургүл Асанова 1961-жылы туулганын айтып, анын өмүр баяны менен депутаттарды тааныштырды. "Асанова жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык бөлүмүн бүтүргөн. 27 жылдан бери юридикалык тармакта эмгектенип келет. 13 жыл сот болуп иштеген", - деди Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazic
2017-10-25 13:38:16
АША талапкерлигин корсотсо анда болду азыркы учурда саясий куугунтуктагылар жогорку сотко кайрылабыз, ал жактан башка чечим чыгаар деген умутту такыр унутушат го....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан