Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеш Казакстандан бериле турган 100 миллион долларлык жардамдан баш тартууну талкуусуз карады.
Бул маселе боюнча талкуусуз жабык эшик артында кароо сунушталды. Бирок депутаттар ачык эшик артында талкуусуз кароону колдошту.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгон. Жардам 10 жылдан бери берилбей келгенин айтты. "Бул бериле турган каражат эмес. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Каражатты бюджеттен жана сырткы булактардан тапканга аракет кылабыз", - деди ал.
Жыйынтыгында "Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосунда 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБге кирүү шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денонсациялоо тууралуу" мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.