29-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкө элине кайрылуу жасады. Кайрылуунун мазмуну төмөндөгүдөй:
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Кымбаттуу мекендештер!
Апрель революциясынан кийин Кыргызстан эли эркин жана демократиялык мамлекетти курууга багыт алганын бүт дүйнө жүзүнө далилдеди. Кыргызстандыктардын кеменгерлиги жана мекенчилдиги өлкөдө тынчтыкты жана биримдикти сактап калды. Эгемендүүлүк жылдары ичинде алгачкы жолу демократиялык шайлоолор аркылуу бийликти тынч, конституциялык жол менен өткөрүп берүү үлгүсү жаралды. Көптөгөн кыйынчылыктарга жана кетирилген кемчиликтерге карабастан, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өсүү динамикасы башталды.
Коомдук өнүгүү ачык жана социалдык мүнөзгө ээ болуп, дүйнөлүк прогрессивдүү тенденцияларга шайкеш келе баштады. Бүгүн жарандар үчүн жабык тема жок. Жарандардын митингдерди, пикеттерди жана жөө жүрүштөрдү эркин өткөрүүгө болгон укуктарын кыйла кеңейткен тынч чогулуштар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды. Өткөн жылы эле республика боюнча 1286 митинг, пикет, жөө жүрүш жана башка нааразычылык акциялары өткөн. Алардын көпчүлүгү, албетте, турмушубузда орун алып жаткан экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдөн, жардылыктан, соттордун же мамлекеттик органдардын чечимдерине канааттанбагандыктан болду.
Ошону менен бирге айрым учурларда нааразылык акциялары конструктивдүү эмес мүнөздө болуп, алардын катышуучулары аткарууга мүмкүн болбогон талаптарды көтөрүп чыгышууда. Кийинки кезде ушуга окшогон акциялардын кендерде жана ири инвесторлор куруп жаткан чоң объектилерде өтүп жатышы өзгөчө тынчсызданууну пайда кылууда. Тилекке каршы, мындай акциялар эч кандай социалдык жүк көтөрбөстөн, тескерисинче, ички иштер органдарын негизги милдетин аткаруудан алагды кылып, экономикалык өнүгүүгө жана өлкөдөгү инвестициялык кырдаалга тескери таасир этүүдө. Чынында, бул экономикалык өнүгүүгө гана эмес, өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирип, мамлекеттүүлүгүбүзгө да коркунуч туудуруп жаткан көрүнүш болуп калууда.
Жыл башында өлкөбүздүн башкы экономикалык документи – 2013-2017 жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынды. Анын ийгиликтүү аткарылышы үчүн кыргыз өкмөтү толук жоопкерчиликтүү. Бул документте өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча ар тараптуу чаралар камтылган жана өкмөттүн алдына үч негизги маселени чечүү – жумушсуздукту, миграцияны жана кедейчиликти кыскартуу боюнча глобалдуу милдеттер коюлган.
Азыр өлкөбүздүн келечек тагдырын чечүүчү эң ири долбоорлорду ишке ашыруу милдети турат. Алар – “Жер-Үй”, “Бозумчак”, "Талды-Булак Сол-Жээк" жана "Иштамберди" кендерин, Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү, “Датка" электр чордонун куруу, 500 килоВаттык "Датка – Кемин" жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууну жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын курууну баштоо, "Камбар-Ата – 1" мега-долбоорун ишке ашырууга, жаңы унаа коммуникацияларын курууга даярдык көрүү.
Арийне, экономикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу, инвестициялардын агылып келиши, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү туруктуулуктун, мыйзамдуулук менен укукту бекем орнотуунун шарттарында гана мүмкүн болчу нерселер.
Кандай гана митинг же пикет болбосун, алар мыйзамдын алкагында өтүп, башка жарандардын укуктарын тебелебеши керек. Жер-жерлердеги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары инвестициялардын корголушу жана ыңгайлуу ишкерлик чөйрөнү түзүү үчүн жоопкерчиликти толук моюндарына алышы керек.
Азыркы кезде өлкөдөгү эң маанилүү өнөр жай объектиси болгон “Кумтөр” кенинде мөңгүнүн жана металл кошулбаган катмардын жылып жатышынан улам бир катар техникалык жана технологиялык проблемалар пайда болду. Кырдаал күтүлбөгөн кесепеттердин алдын алуу боюнча күн сайын катуу иштөөнү талап кылат. Мына ушундай шартта кыргыз өкмөтү бул долбоорду мындан ары ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын позициясын жакшыртуу боюнча ишти улантууда.
Долбоор кандай гана шарттар боюнча реструкцияланбасын, долбоорду башкарууну көзөмөлдөөнү колго алуу жана “Кумтөр” долбоорунун ишмердигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, экологиялык маселелерди чечүү механизмдерин жана шарттарын өзгөртүү, “Кумтөр” кенин иштетүүдөн республикалык бюджетке келип түшүүчү каржы каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү, долбоорду региондорду социалдык жана экономикалык өнүктүрүүгө багыттоо кыргыз өкмөтү үчүн сөзсүз аткарылуучу жана негизги шарттар болуп саналат.
Урматтуу мекендештер!
Алдыда турган социалдык-экономикалык милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын биргелешкен аракетине жана жергиликтүү коомчулуктардын, калайык калктын колдоосуна байланыштуу болот. Андыктан өкмөт бардык аймактардын жашоочуларына, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдарга, ишкерлер коомчулугуна, интеллигенцияга, фермерлерге, ардагерлерге жана жаштарга жер-жерлерде туруктуулукту сактоого, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган аракеттерди колдоого чакырат.
Кыргызстанды туризмдин жана эркин инвестициялардын өлкөсүнө айлантуу аракеттери коомчулуктун колдоосуна муктаж. Мамлекетибиздин аброюна шек келтирген мыйзамды жана тартипти бузуучулар жоопкерчиликке тартылышы керек. Кыргыз өкмөтү бардык саясий күчтөр жана жарандар менен конструктивдүү диалогго барууга ар дайым даяр.
Экономика коомдогу социалдык тилектештиктин жана мамлекетибиздеги саясий туруктуулуктун бекем жана ишенимдүү пайдубалы жана улуттук коопсуздуктун кепили болушу керек. Бул ишке ар бир кыргызстандык өзүнүн ак жана талыкпас эмгеги менен, мыйзамдуулукту жана тартипти сыйлагандыгы менен, адилетсиздикке жана коррупцияга келишкис мамилеси менен салым кошо алат.
Диалог, аң-сезимдүү компромисс жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугу – бейпил, туруктуу жана гүлдөгөн Кыргызстанды курууга карай жол экенин бардык саясий күчтөр жана жарандык коом жеткилең түшүнө турган мезгил келди".