Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеш Казакстандан бериле турган 100 миллион долларлык жардамдан баш тартууга багытталган мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду.
Буга чейин вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгон. Ал жардам 10 жылдан бери берилбей келгенин айткан. "Бул бериле турган каражат эмес. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Каражатты бюджеттен жана сырткы булактардан тапканга аракет кылабыз", - деген ал.
Айта кетсек, бул мыйзам долбоору 3 парламенттик комитеттен колдоо тапкан.